Дүйнө чемпионаты — U17: Кыргыз балбаны Өмүрбек Асан уулу дүйнө чемпиону болду

09:10, 26 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр (U-17) курамасынын мүчөсү Өмүрбек Асан уулу Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды.

Асан уулу эркин күрөш боюнча мелдешке 60 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, алгачкы беттеште япониялык Ицуки Йонаширону 6:4 эсебинде жеңип, чейрек финалда украиналык Иван Залискону 11:0 эсебинде утту. Ал эми жарым финалдык беттеште 12:6 эсебинде америкалык Джордан Рейнини жеңип алды.

Финалда 1-орун үчүн болгон чечүүчү кармашта азербайжандык Хусейн Исмаиловду 5:1 эсебинде жеңип, дүйнө чемпиону аталды.