Сузак округу боюнча шайлоого арыздарды кабыл алуу аяктады.15 талапкер көрсөтүлдү

15:41, 23 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Бир мандаттуу № 13 Сузак округунда мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, шайлоого катышуу ниетин 15 талапкер билдирген (12 эркек, 3 аял). Төрт талапкер шайлоого катышуудан баш тартты.

Эске салсак, аталган округда мөөнөтүнөн мурда шайлоо 22-сентябрга белгиленген. Бул аймактан депутат Тазабек Икрамовду Боршайком өзү жазган арыздын негизинде 19-июлда мандатынан ажыраткан.