09:00
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Руслан Акундун «Бейиш эненин таманында» тасмасы «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлдү

Кыргызстандык кинорежиссер Руслан Акундун «Бейиш эненин таманында» драмасы «Чет тилдеги мыкты тасма» номинациясында «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлөт. Бул тууралуу КР Кинематографисттер союзунун башкармалыгынын мүчөсү Талантбек Төлөбеков социалдык тармактар аркылуу билдирди.

«Руслан Акун дүйнөлүк репутацияга ээ болгон таланттуу режиссер. Ал буга чейин көптөгөн эл аралык кинофестивалдарда көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк тапкан чыныгы шедеврди жараткан. Бул тасма жөн эле көркөм чыгарма эмес, элибиздин тынчтык, жакшылык кабары болуп саналат», — деди ал.

Тасма психикалык өнүгүүсү сегиз жаштагы баланын деңгээлинде калган өзгөчө инсан 35 жаштагы Адилдин укмуштуу окуясын баяндайт. Бул эне мээриминин күчү тууралуу баян. Буга чейин аталган кинодрама Казакстанда прокатта биринчиликти ээлегени — 1 миллион доллардан ашканы маалымдалган.

Белгилей кетсек, кезектеги 97- «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземи 2025-жылдын 2-мартында Dolby театрында (Голливуд, Лос- Анжелес) өтөт

Эң көп окулган жаңылыктар