Кыргызстандык жаран 99,7 миң франкты декларациясыз алып чыгууга аракет кылган

13:14, 23 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык жаран 99,7 миң швейцар франкын Ош аэропорту аркылуу Орусияга декларациясы жок алып өтүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

УКМК басма сөз кызматы

Улуттук банктын маалыматы боюнча, швейцариялык франктын кыргыз сому менен болгон баасы 98,65, башкача айтканда, жалпысынан 25 жаштагы жигит бажы декларациясын толтурбастан, 9 миллион 835 миң 405 сомун өлкөдөн алып чыгууга аракет кылган.