Илон Маск дүйнө жүзү боюнча адамдарды чиптештирүүнү көздөп жатат

09:24, 23 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Белгилүү ишкер Илон Маск жакынкы он жылда миллиондогон адамдарды чиптештирүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу ал 22-августта өзүнүн X баракчасына Neuralink стартапынын акыркы ийгиликтерине комментарий берип жатып жазды. Жакында алар экинчи бейтапка нейрочипти жайгаштырган. Натыйжада, ал акылы менен Counter-Strike 2 оюнун да ойной алган.

«Эгерде баары жакшы боло берсе, бир нече жылдан кийин Neuralink жүздөгөн адамдарда, беш жылдан кийин — он миңдегенде, 10 жылдан кийин — миллиондогон адамдарды чиптештирсе болот», — деп жазды.