19:10, 22 августа 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызгидрометтин билдиришинче, 23-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде күндүз 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу түнкүсүн +14... + 19, күндүз +29... + 34,
Талас облусу түнкүсүн +9... + 14, күндүз +24 ... +29,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустары түнкүсүн +15... + 20, күндүз +29... + 34,
Ысык-Көл облусу түнкүсүн +11... + 16, күндүз +21...+26,
Нарын облусу түнкүсүн +8... + 13, күндүз + 22 ... +27.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +16...+18, күндүз +31...+33 градус болот.