15:07, 22 августа 2024, Бишкек - 24.kg
KG Групп курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовго козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун кароосуна өткөрүлдү. Бул тууралуу адвокат Самат Матсаков билдирди.
Анын айтымында, бул иш боюнча алдын ала сот отуруму 23-августта жабык эшик артында өтөт.
Эске сала кетсек, Имамидин Ташовго бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган, бийликти күч менен басып алууга коомчулукка чакырык жасаган жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген айыптар тагылган.
Ал 22-апрелде УКМК тарабынан кармаган. Мекеменин маалымдашынча, ишкер Кыргызстандын чек арасын Казакстан тараптан мыйзамсыз кесип өткөн соң, Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалган.