Ozon сатуучуларынын башкы эрежелери: маркетплейсте сооданы кызытуунун 7 ыкмасы

12:49, 26 августа 2024, Бишкек - 24.kg , Мезгил ИСАТОВ

Маркетплейстер биздин күнүмдүк жашообуздун кадыресе бир бөлүгүнө айланды. Бул жерде өзүңүзгө керектүү нерселердин бардыгын оңой табасыз, саналуу секунданын ичинде баасы жана параметрлери боюнча ойдогудай нерсени тандап, андан кийин буйрутмаңызды ыңгайлуу жол менен алдыртып аласыз.

КМШдагы эң ири базарлардын бири болгон Озондун аудиториясы 2-кварталдын жыйынтыгы боюнча 51,1 миллион активдүү сатып алуучуларды түзөт жана өсүүнү улантууда. Продукциялардын саны да көбөйүп, бүгүнкү күндө сайт 20 категорияда 370 миллиондон ашык буюмдарды сунуш кылууда. Ozon менен ийгиликтүү бизнести кантип түптөсө болоорун айтып берели.

Ozon’до сатуулар адатта издөөдөгү товардын ордуна жана карточкалардын көзгө жагымдуу таризделишине көз каранды болот, ошондуктан биринчи кезекте дал ушул критерийлердин үстүнөн иштеш керек. Мындан тышкары, сатып алуучулар үчүн товардын баасы жана жеткирүү мөөнөтү чоң мааниге ээ — сатуучу ушул факторлорго да таасирин тийгизе алат. Атаандаштарды артта калтырып, өзүңүзгө керектүү пайданы жана жогорку жүгүртүүнү камсыз кылуу менен товарды таанытуу үчүн эмне кылыш керек?

1
Категорияны туура тандап алабыз

Бул жерде баары жеңил эле жана ката кетирүүгө болбойт дегендей көрүнөт, бирок иш жүзүндө сатуучулар адатта товарлардын категорияларын көп чаташтырышат. Сатып алуучулар болсо адатта маркетплейстеги фильтрлердин жардамы менен керектүүнү издеп, натыйжада керектүү карточкаларды көрбөй калышат. Аянтчанын алгоритмдери да категориялар менен иштейт, ошондуктан бардыгын туура көрсөтүү маанилүү. Товарларды тандоого Ozon’дун аналитикасы жардам берет — атайын бөлүмдө ишкерлер кайсы товарлар өзгөчө көп талап кылынарын, ал эми учурда сатып алуучуларга кайсы товарлар жетишпей жатканын көрө алышат.

Фото
2
Товарлардын карточкаларын толтурууга өзгөчө көңүл бурабыз

Сатып алуучулар адатта издөө деген жерге товардын аталышын жазышат жана көңүлүн бурдурган карточкаларды басып, сатуучулардын сунуштарын карап чыгышат, ошондуктан карточкалар кандай толтурулганы негизги ролду ойнойт. Биринчи кезекте сапаттуу сүрөттөрдү жана видеолорду жүктөп коюш керек. Товарды ар кандай ракурстан сүрөткө тартып, анын колдонулушун көрсөтүп, негизги мүнөздөмөлөрүн сүрөттөгөн инфографиканы даярдаса болот. Андан ары текстти жазасыз. Текстте бардык мүнөздөмөлөрдүн мүмкүн болушунча толук сүрөттөлүшү камтылып, түшүнүктүү тилде жазылышы керек. Сүрөттөлүшүндө сатып алуучулар көп узаткан суроолорго жооп берүүгө аракет кылыңыз.

Фото
3
Издөөдө товарларды таанытабыз

Издөө жеринде конкреттүү карточкалардын жери бир нече фактор менен аныкталат жана алардын ар бирине көңүл буруш керек.

  • Издөө жеринде товардын сүрөттөлүшүнүн релеванттуулугу. Бул жерде баары сатуучудан көз каранды болот. Адамдар издөө жеринде конкреттүү товарды кантип издешкенин, андан эмнени алгысы келгенин жана ушул маалыматка ылайык сүрөттөлүшүн түзүп чыгыш керек.

  • Товардын популярдуулугу. Карточканы канчалык көп адам көрүп, тандап алса, ал ошончолук таанымал болот. Жетиштүү санда сапаттуу сүрөттөрдү кошуп, товар тууралуу маалымат берген видеону жүктөп коюп, бул параметрге таасир этүүгө болот.

  • Товарды сатуу. Кардар товарды кандай учурда сатып алат? Бул жерде көп нерсе товардын сүрөттөлүшүнөн, баасынан жана жеткирүү мөөнөтүнөн көз каранды болот. Адатта сатып алуучу бир эле товарды ар кандай сатуучулардан таап, параметрлерин салыштырып чыгып, ушундан кийин гана товарды сатып алууну чечет.

4
Маркетинг аспаптарын колдонобуз

Ozon өнөктөштөрүнө товарларды таанытуу үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Платформанын механизмдерин колдонуп, издөө жеринде карточканы тааныта аласыз, бул үчүн Ozon’дун автоматташтырылган алгоритмдеринин жардамы менен атайын блокторго жайгаштырып, товарыңызды «Көбүрөөк болсо, арзан чыгат» деген бөлүмдөгү комплекттерге кошсоңуз болот. Мындан тышкары, витрина карточкаларга кошумча трафикти тартууга жардам берет. Витрина — бул аянтчадагы дүкөндүн жекелештирилген баракчасы, ал жерде сатуучу өзү жөнүндө айтып бере алат.

Фото
5
Ozon’дун акцияларына жана дүңүнөн сатууларга катышабыз

Ozon’дун акциялары жана дүңүнөн сатуулары — бул дүкөнүңүздү таанытып, сооданы кызытууга жардам берген дагы бир механизм. Маркетплейс сезонго же маанилүү даталарга карап, мындай иш-чараларды туруктуу өткөрүп турат. Акцияларга алдын ала даярданып алыңыз: юнит-экономиканы эсептеп чыгып, кампадагы товарлардын запасын толукташыңыз керек.

6
Пикирлер менен иштешебиз

Ozon’до реалдуу сатып алуучу гана товар жөнүндө өз пикирин жаза алат, ошондуктан маркетплейстин колдонуучулары пикирлерге ишенишет жана товарды сатып алаардын алдында адатта пикирлерди окуп чыгышат. Сатуучуларда пикирлер менен иштөө үчүн бир нече механизмдер бар. Товарлардын карточкаларындагы активдүүлүктү көзөмөлдөп, терс баа берилсе да сатып алуучуларга өз убагында жооп берип туруш керек. Ошондой эле жигердүү пикир ташташы үчүн колдонуучуларга арзандатууларды сунуштап, аларды пикирин калтырууга шыктандыруу зарыл.

7
Логистиканы түзөбүз

Эки окшош товардын ичинен сатып алуучулар адатта тезирээк келе турган вариантты тандашат. Ozon’дун кампалары менен кызматташуу схемасын туура тандап алып, жеткирүү ылдамдыгын жөнгө салса болот. Анын үч түрү бар: FBO, FBS жана realFBS. FBO’ну тандасаңыз буйрутмаларды сактоо, чогултуу, таңгактоо жана жеткирүү боюнча бардык милдеттерди маркетплейс өзүнө алат, сатуучу товарды таанытуу менен гана алектенип, кампада запастарды өз убагында толтуруп турушу керек. Мындай учурда сиз товарды жеткирүү убактысын мүмкүн болушунча кыскартып, товарды кардарларга эң жакын кампаларга жөнөтө аласыз. FBS’ти тандасаңыз товарды сатып алуучу өз кампасында сактайт, ал эми аянтчасында жеткирүүнү гана тескейт. Ал эми realFBS деген вариантты тандасаңыз, мында логистика боюнча маселелерди сатуучу өзү чечет.

Схеманы сатуучунун мүмкүнчүлүгүнө жараша тандаш керек. Адатта Ozon’дун өнөктөштөрү ар кандай варианттарды комбинациялашат. Мисалы, кардарларга жакын жайгашкан компаниянын кампаларына эң көп изделген товарларды жөнөтүшөт — аянтчанын аналитикасы бул аймакта жашагандар көбүнчө кайсы конкреттүү товарларды сатып алаарын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Суроо-талапты тестирлөө мезгилинде жаңы чыккан товарларды өзүндө калтырып, FBS боюнча жеткирүүгө өткөрүп беришет.

Фото

Ozon менен бизнести баштоо оңой: болгону сайтта тез каттоодон өтүп, товарлардын карточкаларын тариздеп, логистикалык схеманы тандап алып, товарларды камдап же аны Ozon’дун кампасына жеткирүү керек. Биздин кеңештер бардык процесстерди түзүп чыгууга жардам берет, ал эми пайда болгон суроолорго жоопторду Билимдердин базасынан же Ozon University интерактивдүү порталынан табууга болот. Мындан тышкары, компаниянын регионалдык өкүлдөрү бар, алар иштин чоо-жайын түшүнүүгө дайыма жардам беришет.