ӨКМ: Тоолуу райондорунда сел жүрүшү күтүлөт

14:30, 22 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 23-августтан 25-августка чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

«Бийик тоолордо жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну өтүнөбүз», — деп айтылат маалыматта

ӨКМ кандайдыр бир өзгөчө кырдаалга күбө болгондорду 112 кызматына билдирүүнү өтүнөт.