Дүйнө чемпионаты — U17: Кыргызстандык балбан Кутман Калбаев финалга чыкты

11:22, 21 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөсү Кутман Калбаев Иорданияда күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, спортчу мелдешке 51 кг чейинки салмак категориясында катышууда. 1/8 финалдык беттеште Армениянын балбанын Саркис Арутюнянды 13:3 эсебинде, 1/4 финалдык беттеште грузиялык Юрий Чапидзени 7:2 эсебинде жеңди.

Фото

Жарым финалдык беттеште ирандык Аболфази Карамегаиди 8:7 эсебинде утуп финалга чыкты.

Эми ал чечүүчү беттеште азербайжандык Туран Дашдамиров менен күч сынашат.