22:18
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

V Көчмөндөр оюндары. Мелдешке Кыргызстандын командасы тоют, чөптөрү менен барат

Астанада өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандын командасы тоют,чөптөрүн ала барат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталындагы жарыяда айтылат.

КР Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата катышуучуларды, жылкыларды, тоюттарды, чөптөрдү жана дандарды ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга тендер жарыялады. Бул максаттарга 11 миллион 307 миң 130 сом сарптоо пландалууда. Анын ичинен чөп (652 боо) жана тоют (арпа — 6 миң 129 килограмм, сулу — 1 миң 803 килограмм) ташууга — 1 миллион 241 миң 280 сом.

Катышуучуларды Астанага жана кайра алып келүүгө 864 миң сом бөлүнгөн. Техникалык тапшырманын пункттарынын биринде «Түшүнүктүү, сылык айдоочу» деген талап жазылган.

Эске сала кетсек, 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Ага 100дөн ашык мамлекеттен жана 4 миңге жакын адамдын катышуусу күтүлүүдө. 2014, 2016 жана 2018-жылдары ДКО Кыргызстанда, 2022-жылы Түркияда өткөн. VI оюндар Кыргыз Республикасында өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар