05:42
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Дүйнөдөгү эң улгайган адам 117 жашында көз жумду

Жер шаарынын эң улгайган адамы испаниялык Мария Браняс Морера 117 жашында көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жар салды.

Маалыматка ылайык, 117 жашта болгон Мария Браняс Морера эки дүйнөлүк согушту жана эки өлүмгө алып келген эпидемияны көргөн. Анын үй-бүлөсү Мариянын «тынч жана оорубай» каза болгонун айтышкан.

Кайгылуу кабарды үй-бүлө социалдык түйүндөр аркылуу жарыялашты: «Мария Браняс көз жумду. Ал өзү каалагандай көз жумду: уйкусунда тынч жана оорубай каза болду. Биз аны дайыма акыл-насааты жана боорукердиги үчүн эстейбиз».

Узак өмүрүнүн сырын «тартип» жана «тынчтык» деп түшүндүргөн Мария социалдык тармактарды жакшы көрчү жана анын 16 000 колдоочусу менен үзгүлтүксүз пост жазып турган.

Ал акыркы билдирүүсүндө өзүн алсыз сезип, убакыт жакындап калганын билдирген: «Ыйлаба, мен көз жашты жактырбайм. Анан суранам, мени аяба. Кайда барсам да, бактылуу болом».

Эске салсак, Мария дүйнөнүн эң улгайган адамы наамын 2023-жылдын январында 118 жашында каза болгон француз кечил Люсиль Рэндондон кийин алган. Мариянын өлүмү менен дүйнөнүн эң кары адамы наамы 1908-жылы туулган япониялык Томика Итоокага өттү

Эң көп окулган жаңылыктар