USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

70 жылда биринчи жолу: Улуттук илимдер академиясында оңдоо иштери башталды

17:33, 20 августа 2024, Бишкек - 24.kg

70 жылдан бери биринчи жолу Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясын капиталдык оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу УИАнын президенти Канат Абдрахматов Фейсбук баракчасына жазды.

«Улуттук илимдер академиясынын башкы имаратында капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул 70 жылдан бери биринчи жолу жасалууда. Өткөн жылдарда биз бир нече жолу «косметикалык» оңдоп-түзөтүүлөрдү жасаганбыз. Бирок ал баары бир болбойт экен. Илим кайрадан жаралып, бутубузга турабыз деп ишенем», — деп жазган ал.

Илимдер академиясынын жетекчисинин айтымында, оңдоо иштери бир гана башкы имаратта эмес, имараттын алдындагы эски асфальтты алып, жаңысын төшөп жатышат.

«Биз кара топурак алып келдик — көбүнчө унаалар токтогон жерде көк чөп болот. Жан кубанат», — деп кабарлады ал. Канат Абдрахматов ошондой эле 2024-жылы алты илимий долбоор каржыланганын, анын бири ДНК лабораториясын түзүү экенин билдирди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика