USD87.45EUR97.87RUB1.02
24.kg

Улуттук банк «Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна −100 жыл» монетасын чыгарды

11:08, 20 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Улуттук банк «Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна — 100 жыл» аталышындагы күмүш коллекциялык монетаны жүгүртүүгө чыгарды.

Монета Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөн 1924-жылдагы тарыхый окуя кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралгандыгын тастыктаган кыргыз элинин тарыхындагы эң маанилүү датага байланышкан.

Монетанын алдыңкы бетинде улуттук оймолор жана чексиздик болгон Ала-Тоону эске салган 100 санын билдирген эн тамга менен кооздолгон. Төмөнкү бөлүгүндө Кыргызстандын улуттук символу болгон ак илбирстин сүрөтү түшүрүлүп, «10 сом» номиналы көрсөтүлгөн. Монетанын үстүнкү бөлүгүндө Ала-Тоо тоолору чагылдырылып, тегерете «Кара-Кыргыз автономиялуу облусу/Кара-Кыргызской автономной области — 100 лет» деген жазуу жайгашкан.

Арткы бетинде Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн, ал Ала-Тоо гүлдөрүнүн сүрөттөрү менен курчалган. Капталындагы жазуулар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын көрсөтүп турат. Төмөндө чыгарылган жылы «2024», металл стандарты (Ag 925) жана салмагы (28,28 грамм) бар.

Монета Кыргызстанда расмий төлөм каражаты статусуна ээ. Ал акрил капсуласына салынып, сапат сертификаты менен атайын кутуга салынган. Монетанын баасы 4820 сомду түзөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика