Бүгүн «Кылымдардын үнү» республикалык комузчулардын кароо-сынагы башталат

09:04, 20 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 19-августта «Кылымдардын үнү» республикалык комузчулардын кароо-сынагы башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, кароо-сынак 20-августтан 7-сентябрга чейин созулат. Аталган кароо-сынак Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана комузчу Самара Токтакунованын 80 жылдык мааракесине карата уюштурулууда.

Кароо-сынагы эки баскыч менен өтөт. Биринчи этабы аймактарда уюштурулат. Анда жаш курактарына жараша ар бир облустан эки катышуучу тандалып алынат. 14 жаштан 25 жашка чейинки таланттар 1-категорияга, экинчисине — 25 жаштан 45 жашка чейинки комузчулар кирет.

Ал эми кароо-сынактын экинчи баскычы 6-7-сентябрь күндөрү Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болот. Анда финалга чыккан комузчулардын арасынан жеңүүчүлөр аныкталып, сынак гала-концерт менен жыйынтыкталат. Сынактын байге фонду 1 млн сомду түзөт.

Белгилей кетсек, «Кылымдардын үнү» республикалык комузчулардын кароо-сынагы элет ичиндеги элдик таланттарды аныктоого багытталган.