18:50, 19 августа 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызгидромет билдиргендей, 20-августка караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Күңдүз Ысык-Көл, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлүүдө.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетсе, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13...+18, күндүз +27...+32
Талас облусунда түнкүсүн +10...+15, күндүз +24...+29
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +30...+35
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +10...+15, күндүз +21...+26
Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +8...+13, күндүз +22...+27 градус жылыйт.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +16...+18, күндүз +30...+32 ысыйт.