18:12, 19 августа 2024, Бишкек - 24.kg
Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдин камактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова социалдык тармактар аркылуу билдирди.
Соттун чечимине ылайык, анын камактагы мөөнөтү 19-сентябрга чейин узарды.
Укук коргоочу Жоомарт Карабаев коопсуздук кызматкеринин өтүнүчү менен оң эксперттик корутунду берүүдөн баш тартканын эске салды.
«Ал кийин Улуттук илимдер академиясынан бошотулуп, бир аздан кийин массалык баш аламандыктарды уюштурган деген айып менен камакка алынган. Жоомарттын КР Кылмыш-жаза кодексинин экспертизадан баш тарткан беренеси боюнча камакка алынганы таң калыштуу. Анын иши боюнча корутундуну Жоомарт арызданган УИАнын кызматкери берди», — деп жазган Гүлшайыр Абдирасулова.
Ал Жоомарт Карабаевге карата кылмыш ишин козгоону токтотуп, аны бошотууну талап кылды.
Укук коргоочу ошондой эле активисттер менен төкмө акындарга козголгон кылмыш иштеринде Улуттук илимдер академиясына кысым көрсөтүү жана атайын экспертизанын корутундусун берүү фактыларын иликтөөнү талап кылды.