Каракол шаарында «Түндүк-2024» мобилизациялык машыгуусу өтөт. Ага Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкаруу органдарынын, кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин аскер кызматкерлери катышат.
Коргоо министрлигинен билдиришкендей, машыгууда аскердик абалды киргизүү учурундагы аскердик башкаруу жана мобилизация мезгилинде штабдарды даярдоо, ошондой эле күжүрмөн координациялоо маселелери иштелип чыгат.
Машыгуулар 20-августта башталат.