12 жылдык окууга өтүү. 17 миллиондон ашык окуу китептерин алмаштыруу керек

11:26, 19 августа 2024, Бишкек - 24.kg

12 жылдык окууга өтүү үчүн 8,7 млрд сомго жаңыланган мазмундагы 17,4 млн окуу китептерин 100% алмаштыруу керек. Бул тууралуу Кыргыз билим берүү академиясынын сайтында жарыяланган концепциянын долбоорунда айтылат.

Эсептөөлөр бир окуучуга 12 окуу китеби туура келгенин эске алуу менен жүргүзүлгөн.

Окуу китептеринин тексттери теориялык, жогорку академиялык, илимий мүнөздө экени жана аларда татаал синтаксис басымдуулук кылганы белгиленген. Практикалык тапшырмалар минималдаштырылган жана критикалык жана чыгармачыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө же турмуштук кырдаалдык маселелерди чечүүгө багытталган эмес. Лабораториялык иштер өз алдынча изилдөө жүргүзүүгө мүмкүндүк бербейт. Мындан тышкары, китептер илимпоздордун сүрөттөрү, алардын кыскача өмүр баяны, туулган жана өлгөн даталары менен толукталган.

«Ошол эле учурда, дүйнөдөгү ийгиликтүү, мыкты билим берүү системаларынын окуу китептери чыныгы турмуштук кырдаалдарды окшоштурган жана окуу процессине стимул жана мотивацияны пайда кылган мазмунду камтыйт», — деп айтылат долбоордо.

Маалым болгондой, 2024-жылы Кыргызстандын мектептери үчүн эң мыкты чет элдик окуу китептерин мамлекеттик жана расмий тилдерге которуу менен STEM ыкмасына негизделген табият таануу предметтерине ылайыкташтыруу иштери башталган.

Окуу китептерин толук алмаштырууга канча убакыт керек экени азырынча айтыла элек.