09:42, 19 августа 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын самбо боюнча Улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ысык-Көлдө өткөн Дүйнө кубогунда 13 медаль (2 күмүш, 11 коло) жеңишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин билдиришти.
Маалыматка ылайык, команданын эсебинде 13 медаль бар: 2 күмүш жана 11 коло. Мелдешке 14 өлкөдөн 250дөн ашык спортчу катышты.
Күмүш медаль ээлери:
— Саяк Бараканов (64 кг, күжүрмөн самбо);
— Адилет Кубаныч уулу (64 кг, спорттук самбо).
Спорттук самбо боюнча эркектер арасында коло медаль ээлери:
— Байэл Жакшылыков (79 кг);
— Жамалбек Асылбек уулу (88 кг);
— Фарух Мамажанов ( 88 кг),
— Шахрер Идирисов (98 кг);
— Бекболот Токтогонов (98+ кг).
Эркектер арасында күжүрмөн самбо боюнча коло медаль ээлери:
— Курманбек Замирбек уулу (71 кг);
— Шерзат Кудайбердиев (71 кг).
Мындан сырткары, кыз-келиндер арасында 54 кг чейинки салмакта спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча Акак Үсөн кызы 3-орунду ээледи.
Ал эми спорттук самбо боюнча Канышай Аманкулова 50 кг чейинки салмак категориясында коло медалга ээ болду.