Баткен облусунда 90 жаштагы Таттыбүбү Абилова чоң энеге жаңы үй салынды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, улгайган чоң эне 54 жаштагы майып кызы менен батирден батирге тентип жүрүүгө аргасыз болгон. Ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев аларга Алты-Адыр айылынан 10 сотых жер бөлүп берип, үй салуу демилгесин көтөргөн.
Демилгени облустагы мекеме-ишканалардын жетекчилери колдоого алышкан. Натыйжада эки айдын ичинде бардык шарты бар үй тургузулду.
Облустук мамлекеттик администрациянын кызматкерлери тиричилик техникаларын сатып беришкен.