13:28, 16 августа 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүү 40,77 пайызга өстү. Мындай маалыматты 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Ага ылайык, биринчи жарым жылда өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү 3,17 миллиард долларды түздү. 2023-жылдын ушул эле мезгилинде ал 2,2 миллиард доллардан ашык болгон.
Январь-июнь айларында Кыргыз Республикасы Кытайдан 3,12 миллиард долларга товар импорттогон. Анын ичинде:
тиричилик техникасы — 1 млрд доллар;
жеңил унаалар — 627 млн доллар;
электроника — 112 миллион доллар.
Бул аралыкта Кытай Кыргызстандан 48 миллион долларлык товар экспорттогон.
Анын ичинде:
рудалар, шлактар жана күл — 21 миллион доллар;
мунай — 8,6 млн доллар;
жемиштер — 2,5 миллион доллар.