Кыргызстанда дээрлик 10,5 миң ишкер үстөксүз насыя алды

11:32, 16 августа 2024, Бишкек - 24.kg

«Микро, чакан жана орто ишканаларга өзгөчө колдоо көрсөтүү» долбоорунун алкагында Кыргызстанда 10 миң 425 ишкер пайызсыз насыя алышты. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, насыянын жалпы суммасы 7 миллиард 412 миллион 87 миң 916 сомду түзөт.

Анын ичинен:

1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 8 миң 984 ишкерге 5 млрд 207 млн 233 миң 916 сом;

2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 1 441 ишкерге 2 млрд 204 млн 854 миң сом наясы берилди.

Белгиленгендей, долбоор Кыргызстандын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.