08:58
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кореяда алданган кыргызстандыктар боюнча ТИМ үн катты

Тышкы иштер министрлиги Корея Республикасынын аймагында криптовалюта менен болгон финансылык операцияга байланыштуу алдоо фактысы боюнча маалымат берди.

Кыргызстандын Кореядагы элчилиги окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн жабыркаган кыргыз жарандары менен жолугушуу өткөргөн. Жолугушууда Кыргызстанга унаа, мобилдик телефон жана башка товарларды экспортогон кыргызстандыктар ири суммага алданып калганы белгилүү болгон.

Алданган кыргыз жарандарынын берген мааалыматына ылайык, каражаттар «Tether» криптовалюталык төлөм системасы менен которулган. Ошондой эле элчилик тарабынан алданган жактардын Кореядагы укук коргоо органдарына кайрылбаганы аныкталган. Мындан улам элчилик аларды компетенттүү органдарга кайрылууга чакырган.

Учурда жабырлануучулардын бирөөсү укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган. Арызды Корея Республикасынын Анян шаарынын кибер кылмыштуулук боюнча полиция бөлүмү кабыл алган.

Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин өкүлдөрү бул ишти объективдүү иликтөө максатында Кореянын Тышкы иштер министрлигине жана укук коргоо органдарына кайрылган. Учурда жабыркаган жарандарга консулдук-укуктук жардам берилүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар