Мурдагы билим берүү министри музыкалык институтка директор болду

13:46, 15 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Мурдагы билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 30-июлда жарыяланган сынактан өткөн.

Белгилей кетсек, Уланбек Мамбетакунов 2022-2023-жылдары Билим берүү жана илим министрлигин жетектеген.