Париж — 2024: Кыргызстандын курама командасы коронавируска текшерилген жок

13:08, 15 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Парижде өткөн Олимпиадага катышкан Кыргыз курама командасы коронавируска текшерилген эмес. Бул тууралуу 24.kg басылмасына КР Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Кылыч Сарбагышев билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылкы Олимпиада оюндарына учаар алдында бардык спортчулардын ден соолугу жакшы болгон.

«Спортчулар кайтып келгенден кийин биз коронавируска анализ тапшырган жокпуз. Бизде андай муктаждык болгон эмес. Учурда спортчулар эс алууда. Алардын абалын билүү үчүн ар бирине телефон чалыш керек. Тест эмне үчүн зарыл болгон? Казактар ​​аны мен түшүнгөндөй бирөө катуу ооруп калгандыктан аныкташкан. Алар азыр эч жерде коронавирусту текшеришпейт. Казак командасынын муктаждыгы болсо керек», — дейт Кылыч Сарбагышев.

Буга чейин Казакстандын президентинин басма сөз катчысы Берик Уали жергиликтүү маалымат каражаттарына өлкө башчынын медаль ээлери менен жолугушуусу бир нече спортчудан коронавирус аныкталганына байланыштуу жылдырылганын билдирген.