Кыргызстандыктарды Орусиянын үч облусуна барбай туруу сунушталды

16:07, 14 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарына Орусиянын үч облусуна барбай турууну сунуштады.

Маалыматка ылайык, министрлик Орусиянын өзгөчө кырдаал режими киргизилген Курск, Брянск жана Белгород облустарына азыркы кырдаал турукташканга чейин барбоого чакырды.

Башкармалык кошумчалагандай, зарыл болгон учурда Кыргызстандын жарандары +79252855047, +79251155047 телефондору аркылуу жардам же кеңеш ала алышат.

Тышкы иштер министрлиги Курск облусунда федералдык деңгээлде, ал эми Брянск жана Белгород облустарында аймактык деңгээлде өзгөчө кырдаал киргизилгенин эске салды.