Кумтөр кенинде Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү гүл ачылды

12:35, 14 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Фото Кумтөр ишканасы. Кен жеринде лотос гүлү ачылды

Кумтөр кенинин аймагында, деңиз деңгээлинен 4 миң метрге жакын бийиктикте сейрек кездешүүчү жана укмуштуудай кооз гүл — Кыргызстандын Кызыл китебине кирген ак лотос (Saussurea involucrata) гүлдөдү. Мындай керемет гүлдөрдүн сүрөттөрү менен «Кумтөр Голд Компани» ишканасы бөлүштү.

Аяз лотосу же соссюрея деп аталган гүл — деңиз деңгээлинен 3 миң — 4,5 миң метр бийиктикте, аска-зоолордо жана аскалуу капталдарда өсүүчү бийик тоолуу өсүмдүк болуп саналат.

Авто

 «Бул сейрек кездешүүчү гүлдүн өсүү аймагы чектелүү болгондуктан жапайы жаратылышта табуу кыйын. Бирок, дал ушул Кумтөр кенинин аймагында, экологиялык нормаларды так сактоо шартында, лотос гүлү өсүп чыкты», — деп белгилешти компаниядан.

Фото

Кумтөр ишканасы шахтанын суу сактагычтарынын биринде жазында ак куулар пайда болгонун эске салды. Бул дагы бир жолу Кумтөрдөгү өндүрүш процесси жогорку экологиялык стандарттарга толук ылайык жүргүзүлүп жатканын тастыктайт.