Шашылыш билдирүү! Ысык-Көл облусунун аймагында сел жүрүшү мүмкүн

12:18, 14 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунун аймагында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-августтан 16-августка чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Эгер кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдын күбөсү болсоңуз токтоосуз «112» кызматына билдириңиз.