28-августта Парижде өтө турган Паралимпиадалык оюндарына Кыргызстандан төрт спортчу — пауэрлифтинг, триатлон, женил атлетика жана дзюдо боюнча катышат.
Паралимпиада оюндарына биринчи лицензияны көзү азиз жөө күлүк Гүлназ Жүзбаева гид Юлия Фурнас менен жеңип алды. Ал Нотвилде (Швейцария) 1 миң 500 метр аралыкка паралимпиадалык жеңил атлетика боюнча стандартты аткарды.
Айтунук Жоомарт кызы паратриатлон боюнча күч сынашат. Ал Паралимпиадалык оюндарга квалификациялык системанын стандартын аткарып, лицензия утуп алды. 2022-жылы спортчу Дүйнөлүк кубок сериясында эки аралыкта коло медалга ээ болгон. 2023-жылы паратриатлон боюнча Дүйнө чемпиондугунун күмүш байге ээси жана Азия чемпиону болгон.
Маматибраим Суранов дзюдочу. Ал паралимпиада оюндарынын лицензиясынын ээси жана азиздер арасында 73 килограммга чейинки салмакта дзюдо боюнча турнирде Кыргызстандын намысын коргойт.
Ал эми төртүнчү болуп 86 килограммга чейинки салмак категориясында парапауэрлифтинг боюнча Миргүл Болоталиева катышат.
2024-жылы XVII Паралимпиада оюндары 28-августтан 8-сентябрга чейин Франциянын борбору Парижде өтөт. Мелдеш мурда быйылкы жайкы Олимпиада оюндары үчүн колдонулган жайларда өткөрүлөт.