Кыргызстанда бокс академиясы курулат

19:56, 13 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда бокс академиясы курулат. Бул тууралуу КР олимпиада курамасынын катышуусунда өткөн маалымат жыйынында Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов билдирди.

Анын айтымында, учурда академия куруу үчүн 2 гектар жер табылган.

Ошондой эле долбоор даярдалып бекитилип, эскиздери иштелип чыгып, даярдык иштери башталганын кошумчалады