Быйыл Париж олимпиадасынын байге ээлеринин экөөсү үйлөнөт. Кимдер?

15:28, 13 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Парижде өткөн Олимпиада оюндарынын коло байге ээси Жоламан Шаршенбеков быйыл үйлөнөрүн айтты. Бул тууралуу спортчу бүгүн, 13-августта маалымат жыйынында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Мындан тышкары Олимпиада оюндардын күмүш байге ээси Мунарбек Сейитбек уулу да 2024-жылдын аягына чейин үйлөнүүнү пландоодо. Анын айтымында, үй-бүлө курам деген сүйлөшкөн кызы бар.