Камчыбек Ташиевдин бажасы дагы бир айга камакта калды

14:41, 13 августа 2024, Бишкек - 24.kg

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин бажасы дагы бир айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, А.Т.О. 2024-жылдын 11-сентябрына чейин УКМКнын тергөө абагында калтырылды. Чечим мамлекеттик комитеттин тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсүнүн арызынын негизинде кабыл алынган.

Эскерте кетсек, 17-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бажасы өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынганы белгилүү болгон.

Ал (А.Т.О.) Түркиянын жараны менен сүйлөшүп, жергиликтүү ишкерлерден көп суммадагы акча алган деген шек менен кармалганы айтылган.