Париж Олимпиадасында байге алган спортчуларга берилген унаалардын көбү Кыргызстанда жасалган. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Анын айтымында , Олимпиада оюндарынын катышуучуларына Кыргызстанда өндүрүлгөн 10 Chevrolet автоунаасы ыйгарылды.
Эскерте кетсек, июль айында Өзбекстан менен Кыргызстандын президенттери Шавкат Мирзиёев менен Садыр Жапаров Чүй облусундагы өзбек-кыргыз заводунда автоунааларды чыгарууну баштаган.