Париж −2024: Спортчуларга берилген унаалардын көбү Кыргызстанда жасалган

13:55, 13 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Париж Олимпиадасында байге алган спортчуларга берилген унаалардын көбү Кыргызстанда жасалган. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында , Олимпиада оюндарынын катышуучуларына Кыргызстанда өндүрүлгөн 10 Chevrolet автоунаасы ыйгарылды.

Эскерте кетсек, июль айында Өзбекстан менен Кыргызстандын президенттери Шавкат Мирзиёев менен Садыр Жапаров Чүй облусундагы өзбек-кыргыз заводунда автоунааларды чыгарууну баштаган.