Кыргызстанда колледждерге тандоонун үчүнчү туру башталды

11:20, 13 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда бүгүн, 13-августтан тарта 2024/25-окуу жылына орто кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуунун үчүнчү туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, каттоо https://2020.edu.gov.kg/spuz/ автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу жүргүзүлөт. 20-август күнү саат 17.00гө чейин уланат.

Ошол эле веб-сайттан колледждердин жана адистерди даярдоонун багыттарынын тизмесин таба аласыз.

«Ачык маалыматтар боюнча, эки турдун жыйынтыгы менен 37 миң 71 абитуриент колледждерге кабыл алынды», — деп кошумчалады Билим берүү министрлиги.