Бишкекте 300дөн ашуун жарнама такталары алынды

14:11, 12 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкекте 312 көрнөк-жарнак демонтаждалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тышкы жарнактарды жаңыртуу борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу боюнча олуттуу кадам болуп саналат.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек шаарынын мэриясы жарнамалык конструкцияларды өз ыктыяры менен алып жаткан ишкерлерге ыраазычылык билдирет.

«Сиздердин объектилериңиз башкармалык тарабынан демонтаждалгандан кийин, демонтажга кеткен чыгымдардын ордун толтуруу зарыл. Андан кийин жеңил объектти «Тазалык» ишканасынын базасынан алууга болот. Жарнама түзүмдөрүн ыктыярдуу түрдө демонтаждооңуздарды суранабыз», — деп кайрылышты ишкерлерге мэриядан.

Мэриядан белгилешкендей, эскирген темир конструкцияларды заманбап LED экрандарга алмаштыруу Бишкек шаарына эстетикалык көрк берет