ӨКМ: Өлкө аймагында сел жүрүшү ыктымал

12:06, 12 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Өлкө аймагында сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-августта күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.