Ысык-Көл районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү

09:12, 12 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл районунда нөшөрлөгөн жамгырдан улам Чолпон-Ата шаарын жана дагы үч айылды сел каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чолпон-Ата шаарынын Тогуз-Булак тилкесиндеги кокту-колоттордон аккан суулар көчөлөргө жайылып жана «Жүдөмүш» каналында сел жүрүп жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн. Бостери, Бактуу-Долоноту айылдарынын бир нече көчөлөрүн, Булан-Сөгөттү айылын сел каптаган. Куткаруучулар Бактуу-Долонотулук бир үй-бүлөнү коопсуз жайга убактылуу көчүрүлгөндүгү айтылды.