08:34, 12 августа 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын курама командасы Парижде өткөн жайкы Олимпиада оюндарындагы беттештерин жыйынтыктады.
Натыйжада Кыргызстан 2 күмүш жана 4 коло медалга ээ болуп, 84 өлкөнүн ичинен 68-орунду ээледи.
Кыргызстандан жалпы 16 спортчу катышып, 6 медалга ээ болушту. Парижде эркин күрөш боюнча Мээрим Жуманазарова, бокс боюнча Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медаль тагынышты.
Грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Жузупбеков жана эркин күрөш боюнча Айсулуу Тыныбекова коло медаль утушту.
Белгилей кетсек, кыргызстандын эсебинде эгемендүүлүккө ээ болгондон берки Олимпиада оюндарында 13: Сиднейде — 1 (коло), Пекинде — 3 (күмүш жана 2 коло), Токиодо — 3 (2 күмүш жана коло),Парижде — 6 (2 күмүш жана 4 коло) медаль бар.