Париж Олимпиадасында кыргыз балбандары Эрназар Акматалиев менен Айпери Медет кызынын алгачкы атаандаштары белгилүү болду. Алар эртең, 10-августта килемге чыгышат.
Чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча Эрназар Акматалиев 1/8 финалда венгриялык Исмаил Мусукаев менен 65 кг чейинки салмакта күч сынашат.
Айпери Медет кызы 76 кг чейинки салмакта Вэнь Юань аттуу кытайлык спортчу менен беттеш өткөрөт.