Париж-2024: Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты

17:46, 09 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 9-августта Париждеги өтүп жаткан Олимпида оюндарында Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты.

Ал эркин күрөш боюнча турнирге 62 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, 1/8 баскычта Нигериянын спортчусун 5:1 эсебинде жеңип алды.

Чейрек финалда кыргызстандык балбан кыз америкалык Кайла Миракл менен беттешип, жеңишке жетип, жарым финалга өттү.

Жарым финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:15те башталат.