«Эл үмүтү» стипендиясын алууга 22 талапкер жактырылды. Тизме

15:50, 09 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Президенттин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча Республикалык комиссия биринчи окуу жылына 22 талапкерди жана экинчи окуу жылына 6 арызды жактырды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, стипендияны 2024-2025-окуу жылына карата биринчи окуу жылы үчүн алууга төмөндөгү талапкерлер бекитилди:

Абдурахманова Асел Келдибековна — Джонс Хопкинс университети, «Коомдук саламаттыкты сактоо» программасы боюнча магистратура;

Абдыибраева Айтбүбү Нарынбаевна — Ноттингем университети, «Компьютердик илим жана жасалма интеллект» программасы боюнча магистратура;

Жолдошалиева Мира Жолдошалиевна — Вестерн университети, «Бизнес аналитика» программасы боюнча магистратура;

Канатова Мээрим Канатовна —Пенсильвания университети, «Окутуучу илимдер жана технологиялар» программасы боюнча магистратура;

Карыбекова Айгерим Женишбековна — Колумбия университети,"Технологиялардын менеджменти" программасы боюнча магистратура;

Касымова Бермет Данияровна —Карнеги Меллон университети, «Архитектура» программасы боюнча магистратура;

Курманбекова Айгерим Курманбековна — Берклидеги Калифорния университети, «Маалыматтык башкаруу жана системалар» боюнча магистратура;

Торогулова Асел Шерикбековна — Карнеги Меллон университети, «Продукциялар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн интеграцияланган инновациялар» программасы боюнча магистратура;

Турумбекова Турсунай Алмазбековна — Дьюк университети, «Маалымат илими жөнүндө» программасы боюнча магистратура;

Алимжанов Бакыт Алимжанович — Эдинбург университети, «Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү каржылоо жана инвестициялар» программасы боюнча магистратура;

Аязбаев Ислам Марсович — Чикаго университети, «Мамлекеттик саясат» программасы боюнча магистратура;

Кыдырова Элида Бекназаровна — Минесота университети, «Коомдук илимдер жана менеджмент» программасы боюнча магистратура;

Стамбекова Айпери Азатбековна — Оксфорд университети, «Айлана-чөйрөнү өзгөртүү жана башкаруу» программасы боюнча магистратура;

Таджибаева Севара Талипжановна — Гарвард университети, «Дизайн, инновация жана технология тармагында окутуу» программасы боюнча магистратура;

Тиленбаева Камила Жолдошбековна — Нью-Йорк университети, «Корпоративдик укук» программасы боюнча магистратура;

Ырысбекова Нуржамал Ныязалиевна — Бостон университети, «Долбоордук менеджмент» программасы боюнча магистратура;

Осмонова Алина Арслановна — Чикаго университети, «Экономикалык саясат» программасы боюнча магистратура;

Кыдырова Жибек Сатындыевна — Лейден университети, «Укук жана маалыматтык технологиялар» программасы боюнча магистратура;

Жеенбекова Алымкан Суеркуловна — Гумбольдт атындагы Берлин университети, «Фольклористика» адистиги боюнча философия доктору (PhD) программасы;

Канатбекова Мээржан Канатбековна — Вена техникалык университети, «Кванттык эсептөө» адистиги боюнча философия доктору (PhD) программасы;

Кылычбеков Салижан Кылычбекович — Оксфорд университети, «Кванттык программалоо» адистиги боюнча философия доктору (PhD) программасы;

Момошова Асел Кадыржановна — Кембридж университети, «Жер экономикасы» адистиги боюнча философия доктору (PhD) программасы.

«Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын экинчи окуу жылы үчүн алууга төмөндөгү талапкерлер бекитилди:

Асаналиева Адел Бакытовна — Батыш Австралия университети, биомедициналык илимдер боюнча магистратура;

Асанова Салия Белековна — Берклидеги Калифорния университети, «Маалыматтык менеджмент жана системалар» программасы боюнча магистратура;

Тураткан кызы Жанылай — Дьюк университети, «Дисциплиналар аралык маалымат илимдери» боюнча магистратура;

Абабакиров Нуршат Абдисаламович — АКШ, Колумбия университети, Эл аралык жана коомдук иштер мектебинин (SIPA) өнүктүрүү практикасында мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;

Якубжанова Хилола Оманжановна — Корнелл университети, мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;

Ашырмаматов Исламбек — Сеул улуттук университети, фармацевтика илимдери адистиги боюнча PhD.