Боксчу Мунарбек Сейитбек уулуна секундант ким болоору белгилүү болду

14:55, 09 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Олимпиада финалында боксчу Мунарбек Сейитбек уулуна эми Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу өзү секундант болот. Бул тууралуу Данияр Төлөгөн уулу өзү билдирди.

Кыргызстандык мушкер Олимпиадада кубалык Сайдель Иван Орта Родригести, америкалык Жамал Харвини, болгариялык Хавьер Ибаньес Диасты кезеги менен жеңип финалга чыккан.

Бул беттештерде ага өзбекстандык Акмаль Хасанов секундант катары көмөктөшүп келген. Бирок финалдык беттеште Мунарбек Сейитбек уулу алтын медаль үчүн күрөштө өзбекстандык Абдумалик Халоков менен кез келе турган болду. Мындан улам коомчулукта «секунданты ким болот» деген суроо жаралган.