Париж-2024: Бекзат Алмаз уулу биринчи атаандашын жеңди

16:08, 08 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 8-августта Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу жеңиш менен баштады.

Ал эркин күрөш боюнча мелдешке 57 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, 1/8 финалда казакстандык Мейрамбек Картбайды 4:1 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкты.

Анын кийинки атаандашы Спенсер Ричард Ли (АКШ) — Ванхао Жу (Кытай) жупунун жеңүүчүсү болмокчу.