Кыргыз -тажик чек арасында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

15:05, 08 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда жер титирөө болду. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-августта саат 13.12де очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында, Алай кырка тоолорунда, Бор-Дөбө айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышта, Нура айылынан 45 чакырым түштүк-батышта, Ош шаарынан 140 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Фото

Жер титирөөнү Ош облусунун тургундары сезишти. Бор-Дөбө айылында жер титирөөнүн күчү 3 балл, Нура айылында 2 баллга жеткен.