Чукул билдирүү! Өлкө аймагында жамгыр жаап, сел жүрүшү күтүлөт

14:08, 08 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Өлкө аймагында жамгыр жаап, сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-августтан 12-августка чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

ӨКМ жарандардан бийик тоолордо жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну өтүнөт.