12:55, 08 августа 2024, Бишкек - 24.kg
Казакстанда өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктар аяктап жатат. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн ЖМКлары жазууда.
Маалыматка ылайык, 90го жакын өлкөдөн 2 миңден ашуун спортчу катыша турган Казакстанда өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктар финалдык баскычка чыкты.
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында ат оюндары, салттуу интеллектуалдык оюндар, чабыш өнөрү, жаа атуу жана куштарга аңчылык сыяктуу салттуу спорттун 21 түрү боюнча мелдештер өткөрүлөт.
Астанадагы көчмөндөр оюндарына жалпысынан 7 объект, анын ичинде «Астана Арена» стадиону жана «Казанат» ипподрому даярдалды. Мындан тышкары, көчмөн жашоодо долбоорлонгон 10 гектар аянтка чоң «этноайыл» курулуп жатат.
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын аткаруучу директору Наил Нуров оюндарга даярдык көрүү боюнча айтып берди.
Нуров V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын акыркы этабына жеткендигин айтып, «Быйыл өлкөбүздө болгон чоң сел кырсыгына карабастан, биз даярдыктарды чоң деңгээлде бүтүрө алдык. Биздин өлкө жана биздин борбор оюндарга даяр», — деп айтты.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бир гана спорттук иш-чара болбостон, маданият, илим сыяктуу этаптардан тураарын түшүндүргөн Нуров мындай деди: «Учурда 10 гектар аянтты ээлеген чоң этно айылды түптөп жатабыз. Көчмөндөрдүн бай маданиятынын көрүнүштөрүнөн тышкары түрк элинин кол өнөрчүлөрүнүн айылы болот. Илим баскычында салттуу спорттун түрлөрү боюнча илимий баяндамалар жасала турган конференциялар өткөрүлөт. Бул жолу өзгөчө көчмөндөрдүн тамактануу маданияты талкууланат».
Ачылыш аземине 10дон ашык өлкөнүн лидерлери катышат
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 89 мамлекеттен 2 миңден ашуун делегация келерин белгилеген Нуров: «Оюндардын чоң бөлүгүн ат оюндары түзөт. Биз катышуучу мамлекеттердин өз аттары менен мелдештерге катышуусун каалайбыз, бирок логистикалык маселе өтө кымбат жана түйшүктүү. Көчмөндөр оюндарына катыша турган командаларга 400 жылкы даярдадык. Коңшу мамлекеттер Өзбекстан менен Кыргызстандын спортчулары гана өздөрүнүн аттары менен келишет», — деди ал.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн Астанага 100-150 миң туристтин келишин күтүшкөндөрүн түшүндүргөн Нуров: «Негизинен этноспорт өлкөбүздө жана түрк дүйнөсүндө жана Орто Азия географиясында өсүп жатат. Көчмөндөр оюндары адаттан тыш программасы менен элдин көңүлүн бурат. Улуттук маданият, каада-салт жана жаңы жүздөр бул иш-чарага кызыгууну арттырат», — деди.
Белгилей кетсек, дүйнөдө салттуу спорттун «Олимпиадасы» катары эки жылда бир өткөрүлүп келе жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстандын борбору Астана шаарында 8-13-сентябрь күндөрү өтөт.
Алгачкы үчөөсү Чолпон-Атада, төртүнчүсү Изник шаарында өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 89 өлкөдөн 2 миңден ашуун салттуу спортчулардын катышуусунда өтөт.