Кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков Парижде өткөн Олимпиада оюндарында коло медаль тагынды.
Адегенде Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг чейинки салмакта коло медаль үчүн азербайжандык Санан Сулейманов менен беттешип, 6:5 эсебинде жеңип кетти.
Ал эми 97 килограммга чейинки салмакта Үзүр Жусупбеков коло байгеге ээ болуп, Кыргызстандын капчыгына төртүнчү медаль алып келди.
Ал үчүнчү орун үчүн беттеште египеттик Мохаммед Габр менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңди.
Муну менен Кыргызстандын капчыгында 4 медал болду — бир күмүш жана 3 коло. Күмүштү Мээрим Жуманазарова багындырса, колону балбандар Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана Үзүр Жусупбеков тагынды.