18:05, 07 августа 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов Париждеги жайкы Олимпиада оюндарында жарым финалга чыга албай калды.
Ал бүгүн, 7-августта грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 67 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, турнирдин биринчи беттешинде грузиялык Рамаз Зоидзени 12:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишкен.
Чейрек финалда украиналык Парвиз Насибов менен кез келип, 7:6 эсебинде жеңилип калды.